Түштө өрүк көрүү жашоонун кубанычтуу учурларынан кабар бербейт, тескерисинче, алданган үмүт, көңүл калуу жана кайгы. Айрыкча, эгер өрүк быша элек мезгилде өрүк жеп атканыңызды көрсөңүз, капалануу күтүп атканын белгиси.
Кургатылган өрүктөр – бул дайыма кайгыны кабарлайт, а бакта өсүп турган өрүктөр – жаңылышуу жана акылга келүү.
Эгер сиз түшүңүздө өрүктү башка бирөө жеп атканын көрсөңүз, демек, сиздин өзүңүз тандап алган, же кимдир бирөөлөр тарабынан таңууланган күнүмдүк жашооңуз сиздин жандүйнөңүзгө коошпойт, бардыгын өзгөртүп, баарын жаңы барактан баштай турган учуруңуз жакын калды. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыз, болбосо, баары кеч болуп калат.
(Visited 83 times, 1 visits today)