Күйөөңүздү кучактап, өпсөңүз- жубайлар ортосундагы толук түшүнүүчүлүк, үйдөгү бейпил, ынтымактуу жашоо.
Түшүңүздө күйөөңүзгө анын атына жазылган катты берсеңиз – ажырашууну жана сот инстанциясы аркылуу мүлктөрдү бөлүштүрүүнү билдирет.
Күйөөңүз жумушунан чарчаңкы ооруп кайтса- акчасыздыкка жана жагымсыз окуяга. Балык уулоодон, же аңчылыктан энергиялуу, көңүлдүү кайтан күйөө- үйдөгү жетиштүү жашоо жана жаңы буюм сатып алуу.
Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салганын кармап алуу — реалдуу жашоодо абдан эле кызганчаак экениңизди билдирет. Түштө күйөөңүз үй-бүлөнү сиздин карооңузга таштап, бир нече күнгө белгисиз жакка кетип калса, анан да эч нерсени түшүндүрбөсө — жубайлар ортосундагы убактылуу чыр-чатак, кийинчерээк жарашуу.
Спирт ичимдиктеринин айынан күйөө менен урушуу- күйөөңүздүн эмнеге аракка берилгенин реалдуу жашоодо акыл калчаңыз: балким сиздин айыңыздан алкоголдук ичимдиктерге жакын болгон чыгаар?
Күйөөңүздөн башка эркекке кетип калганыңызды көрсөңүз- узун тилиңиздин жана катаал мүнөзүңүздүн айынан реалдуу жашоодо бир топ түйшүк жаратып алышыңыз мүмкүн.
Күйөөңүз иш сапарга кетээри менен көңүлдөшүңүздү үйүңүзгө чакырсаңыз – сиздин ашыкча эле шайкелеңдигиңиз күйөөңүздү алда неден шектентиши ыктымал.
Жаш кыз түшүндө күйөөсү бар экенин көрсө, жакын арада турмушка чыкпайт.
ӨМҮРЛҮК ТҮГӨЙ
(Visited 199 times, 1 visits today)