Түшкө баары эле кире берет. Бирок адам баласынын түшүнө өлүк кирсе кан- дай адам болбосун сарсанаага батат. Ил- гери ар бир хандын өзүнүн түш жоругучу болгон. Азыркы тил менен айтканда пси- хоаналитиги болгон. Мына ошол акыл- мандар эмне дешкен:
– Ханым, бул эскертүү. Өлкөдө болуп аткан иштерди да бир сыйра жакшылап карап чыгыңыз. Көбүрөөк жакшылык кы- лып, карапайым элиңизге жардамыңызды бериңиз! Болбосо, иш чатак. Баштаган иштериңизден майнап чыкпайт, иштери- ңизден майнап чыкпагандан кийин наара- зы болгондор көбөйөт. Өлкөнүн келечеги болгон жаштар үмүттөрүн үзүшөт. Ал эми үмүтсүз адамга шайтан жабышат, начар
иштерге түртөт. Эгерде бирөөнү табытка салып атканын көрсөңүз, жакын арада кырсык тооруйт. Кара кийимчен өлүктү көрсөңүз, жакындарыңыз киши колдуу болуп өлөт. Алыстан жаман кабар угасыз. Согуш талаасындагы жайнаган өлүктөр, коңшу өлкө менен мамиле тез арада бузу- луп, согуш чыгып кетиши мүмкүн. Мал- жандын өлүгүн көрүү, ден соолугуңузду караңыз. Ишке болгон мамилеңизди өз- гөртүү керек, балким, жакын бир кызмат- чыңызды алмаштыра турган мезгил келип жетти. Жакындарыңыздын биринин өлүп калганын көрсөңүз, ошол адамга жа- шоодогу бардык жакшылыктарды каалай- лы, абалы өтө оор. Өлгөндүн эле өз шору.