Жакшы үйгө кирип атсаң, буюрса жаңы үйлүү болосуң.
Бузулуп, талкаланган үй – ишиңде кү- түлбөгөн, сен күтпөгөн тоскоолдук, ден соолугуңду да абайлабасаң болбойт.
Эгерде мурунку жашаган үйүңдү көр- сөң, жакын арада жакшы кабар угасың, кубанычың койнуңа батпай сүйүнөсүң.
Мурунку үйүңдүн бузулуп калганы – жакыныңдын кырсыкка батканы.
Кыздарга мындай түш – кайгы капа. Үйүңдө шаан-шөөкөт – үй-бүлөдө ынты- мак, бакубат жашоо.
Үйүңдөн адашып кетсең, адамдардан көңүлүң калат.
Үйүң таптакыр эле жок болуп кетсе, акча жагынан тартыштык. Шашылыш түрдө башка үйгө көчүп атсаң, тез арада бир жакка жөнөйсүң.
Үй сала баштасаң, жашооңдо жакшы өзгөрүүлөр болот. Эгерде кыз үйүнөн кетип атса, бузукулар аракеттенип жатышат.
(Visited 282 times, 2 visits today)