Түштө жаңы этти сатып алуу- ийгиликтерден жаралган кубаныч. Дүкөндөгү тоңдурулган эт – сиз үчүн баалуу болгон бир нерсени жоготуу. Этти муздаткычка салу, же андан алып чыгуу- жагымсыз кырдаалдын пайдасын табасыз.
Этти кесүү- баштаган иштин ийгиликтүү аякталышына. Этти эт майдалагычтан өткөрүү- олуттуу ооруга, этти чапкылоо- жумуштагы, же эс алуудагы жагымсыздыкка.
Ар кандай кошулмаларды кошуп, этти даярдоо- токтогон ишкана жана акчаны курулай кетирүү. Этти кууруу- пайдасыз сүйлөшүүлөр, кайнатуу- алыстан кат аласыз, демдөө- каржылык көз карандысыздыкка тер төккөн мээнет менен жетесиз.
Этти духовкага бышыруу- достор менен жолугушуудан ырахат алуу жана кубаныч. Эт азыктарын чогултуу- анча көп эмес киреше.
Какталма эт – ашказандын бузулушу. Чочко эти- айланадагыларга жана өзүңүзгө канааттанбоо. Чочконун сан эти – бай туугандарыңыздын кайтып келүүсү. Гуляш жасоо- бузук жүрүш-туруш, чаржайыт сүйүү байланыштары.
Түштө эттен жасалган деликатестерди жесеңиз- каалаганыңыздай киреше алып келген ишти баштоо. Сосиска, сарделька жасоо- көңүлдүү жана күтүлбөгөн окуялар күтөт. Котлет – никеде бакытка жетесиз.
Этти туздоо, же туздалган этти жесеңиз- карыздардан маселе жаралат.
Кой эти – бардык жактагы ийгилик, койдун башы – киреше. Төөнүн эти- оору, карганын эти- жагымсыз окуя, карышкырдын эти- бардар жашоо.
Уйдун эти- досторуңуз сиздин акылсыз жоругуңуздун алдын алып, жардам кылышат. Көгүчкөндүн эти – кара далы кыздардын чөйрөсүнө туш келип, зеригип, кеченин бүтүшүн чыдамсыздана күтөсүз. Өрдөктүн этин жесеңиз – ийгиликсиз иште күчүңүздүн аздыгына нааразы болуу.
Куштун эти- сизди сүйгөн адамга турмушка чыксаңыз, тагдырыңызга ыраазы болосуз. Аттын эти- көңүл калуунун жана бардык күчтү топтоонун белгиси. Бүркүттүн эти- мүнөзүңүздүн күчтүүлүгү жашоодогу сыноолорду жеңип өтүүдө жардам берет жана сиз тоону томкорууга да даяр болосуз.
Чочконун жаңы этин көрүү- каардуу кадам жасоодон абайлаңыз, бул сизге көптөгөн кыйынчылык менен кесепеттерди алып келет. Бөдөнөнүн эти- курулай чыгашаларга.
Чочконун башынан холодец жасоо- жакынкы сапарга чыгуу жана достор менен коштошуу. Адамдын эти- карылыктагы дөөлөттүү жашоо.
Эт дүкөнүнө кирүү, же базардагы этке толгон текчелерди көрүү- кандуу иштин, же оор дарттын кабары. Сасыган эт- жетекчилик менен мамиленин жагымсыз нукка бурулушу. Касапчыны кан балтасы менен көрүү- жолсуздукка жана зыянга.
ЭТ
(Visited 224 times, 1 visits today)