Жаш, келишимдүү эркекти көрсөңүз- реалдуу жашоодо санаага чырмаласыз. Карыган, буурул чачтуу эркек – узун өмүр сүрөөрүңүздүн белгиси. Семиз, тоголок, чоң курсактуу эркек – жагымдуу окуяларга жана таасирлерге.
Сакалчан эркек – үйдөгү ооруга. Жектечен эркек- бактысыз никенин кабары, элеганттуу костюм кийген эркек- тагдырыңыздын мээримине толук бөлөнүп, ырахаттанып жашайсыз. Ичиркенткен көз караштагы кейпи суук эркек- сүйүктүүңүзгө болгон салкындык.
Кабагын түйгөн эркек – ойлогон оюңузду ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болосуз. Шайыр жана сүйлөөк эркек- багындырган ийгилигиңиздин шарапаты менен таанымал болосуз.
Сиз менен интимдик байланышка күч коротуп жеткен агрессивдүү эркек- досум деп эсептеп жүргөн адамдын айынан жагымсыз окуяга туш келесиз. Өлгөн эркекти көрүү- чоң акчага.
ЭРКЕК
(Visited 487 times, 8 visits today)