Шайтан арабаны айдоо – сезим маанисиндеги ырахатты тартуулайт. Шайтан арабаны эңкейиште айдоо – ден соолугуңуз жана репутацияңызга кам көрүңүз, жалган жалаага кабылып, кадыр-баркыңыздын ылдыйлашы жана бул үй-бүлөңүзгө да кедергисин тийгизиши мүмкүн.
Эки тарабын жашыл дарактар жана бадалдар каптаган айыл көчөсүндө шайтан араба минип баратсаңыз, алдыда сиздин абдан жарык келечек күтүүдө.
Шайтан арабанын педалын көрүү – жакыныңызга жардам бериңиз. Шайтан арабанын рулу колуңузда турса – алыскы аймакка кызыктуу сапарга чыгуу жана жаңы таанышуулар, сынган руль – көңүл калу жана оору, шайтан арабанын чынжыры чыгып кетсе – көралбагандар тарабынан тоскоолдуктар, эгер чынжырды кайра таксаңыз – жагымсыз тапшырмадан кутуласыз. Шайтан арабанын дөңгөлөгү – үй-бүлөлүк бакытыңызды табасыз, сынган дөңгөлөк – жакындарыңыздын биринин алыска кетүүсү, же өлүмү. ДөңгөлөкКө насос менен жел толтуруу – сиздин жашооңузда кубанч да, кирешелүү иш да болот. Шайтан арабада баратып, шыңгырагын шыңгыратуу – ыкчам көңүл буруу талап кылынган шашылыш кабарды угасыз. Шайтан араба минип баратып, жол кырсыгына учуроо – бейтааныш адамдар менен уруш-жаңжалга туш болосуз.
ШАЙТАН АРАБА
(Visited 54 times, 1 visits today)