Түштө төөнүн кожоюну катары өзүңүздү көрүү – демек, сизге кыйын кырдаалга туш болуп, андан чыгууда чыдамкайлык менен сабырдуулук жардам берээрин билдирет. Төөгө минүү – сизди узакка созулган, түйшүгү көп жашоо күтөт. Төөнү суугаруу – иштеги ийгилик.
Мейкин чөлдө бараткан төөлөрдүн кербенин көрүү – оор оорунун чеңгээлинде калган сизди, же акыбалыңыздын кыйын кырдаалга кабылышынан күтүлбөгөн жардам куткарат.
Бир өркөчтүү төө — жакында кайсы бир тараптан келген жардамды татыктуу кабыл алып жана аны татыктуу кайтарып бересиз. Түштө төө этинен жасалган тамакты жеп атсаңыз – экзотикалык жайлардан оору жуктурасыз.
(Visited 62 times, 1 visits today)