Таза суу кубаныч менен жакшы жа- шоонун белгиси. Ылай, киргилт аккан сууну көрүү – ар кандай кырсыкка даяр бол деген белги.
Кир сууга түшсөң – азыр жасап аткан ишиңе өкүнөсүң. Ылай суу ичсең, ден соолугуң жөнүндө ойлон, чара көр. Суу ташкынын көрсөң – алдыда жаман иштер болуп кетиши мүмкүн. Үйүңдү суу каптап кетсе – алыңдын жетишинче кыйынчы- лык менен күрөшөсүң.
Бутуң суу болуп калса – душманың жолтоо болот. Ылай суу кечип жүрсөң – күнөөлөрүң көп.
Сууда чабак урсаң – сүйүктүү адамдан жолуң болот. Бирөөлөр сага суу чачса – жол- дошуң же сүйгөнүң менен тил табышасың.
(Visited 506 times, 1 visits today)