Сапарың ийгиликтүү болуп, каалаган жериңе аман-эсен жетсең оюңдагы макса- тың орундалат.
Жолдо баратып жоболоңдуу окуяларга туш болсоң – сак болушуң керек. Тели- теңтуштарың саякатка эң сонун маанай менен аттанышса – жашоодо жакшы өз- гөрүүлөр болот.
Кабактары ачык, көңүлдөрү чөкпөгөн жоро-жолдошторду сапарга узатуу – анда аларга көп жылдан кийин жолугасың. Ба- раткан жерге тез жетсеңер – жасап аткан ишиңден майнап чыгып кирешеңе – кире- ше кошулат.
Too-таш, эрме чөл, какыраган талаа, чочун шаарда саякатта болсоң – сактан- басаң начар иштерге кабылып калышың мүмкүн. Жолдо адашуу – «мынча пайда табам» – деген куру кыялдарыңды унут.
Машинада жалгыз саякат жасасаң – жо- луң болбой калат. Машинада киши тол- тура болсо – жакын туугандарың менен жолугасың.