Өзүңүздү оорукчан сезип аткан түш кирсе, чындыкта бир аз табыңыз айнып, же катуу чыккан добуштардан башыңыз оорушу мүмкүн. Эгер түштө иш бир топ олутуу болуп, өзүңүздүн айыккыс дартка кириптер болгонуңузду билсеңиз – демек, жакынкы аралыкта коомчулуктагы абалыңыз көңүл сүйүнтөөрлүк экенине көзүңүз жетет.
Түштө туугандарыңыздын биринин ооруп атканы кирсе – үйүңүздөгү тынчтык күтүлбөй келген коноктордун ызы-чуусу менен бузулат.
Түштө ангина менен ооруу – сиздин ишиңиз куру бекер убакыт өткөрүү болуп чыгат.
Ангина менен ооруп аткан башка бирөөлөрдү көрүү – туугандарыңыздын биринин түйшүгү сизге да салмагын салат.
Түштө астма менен ооруп атканыңызды көрүп, ойгонсоңуз демиңиз кайтып калса – абалыңыз жакын арада өзгөрөт.
Түштө кутурма оору кирүү – душмандарыңыз тарабынан тоскоолдук болоорун кабарлайт. Түшүңүздө кутурган жырткыч сизди тиштеп алса – досуңуздун алдамчылыгына күбө болосуз.
Бронхит – пландарыңыздын ишке ашуусуна кандайдыр бир тоскоолдук жаралат. Анын себеби туугандарыңыздын биринин ооруп калышы болот.
Келте — ден соолугуңузга жана душмандарыңыздын мамилесине сак болуңуз. Түштө келте оорусунун эпидемиясы каптап атканын көрүү – сиздин ишиңиздин жакшы эмес жагына оогонун кабарлайт.
Сары суу оорусу – узакка созулган оорудан ийгиликтүү кутулуу, эгер түшүңүздө бул оору менен өзүңүздүн ооруп атканыңызды көрсөңүз. А эгер башка бирөө ооруп атса – жакшы кабар угасыз.
Гангрена – көп түйшүк, кайгы жана аза.
Геморрой – бюрократ-паракорго жолугасыз.
Грыжа – сизди турмушка чыгууга көндүрүшөт.
Дизентерия – башка бирөөнүн катачылыгынын айынан ишиңиздеги ийгиликти жоготосуз, бирок, ден соолугуңуздан кабатыр болбоңуз, баары жайында.
Жандүйнөңүз ооруп атса – сизди өзүңүздүн эмгегиңиздин жыйынтыгы канааттандырбайт, пландарыңызды начар тарабынан оодарган ооруга кабылышыңыз да мүмкүн.
Сарык – баш катырган көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилип, тез жыйынтык чыгат. Эгер башка бирөөнүн сарык менен ооруп атканын көрсөңүз – кызматкерлериңиз сатып кетип, келечек абдан караңгы көрүнөт.
Балаңыздын ооруп атканын көрсөңүз – түш жакшы тарапка жоорулат. Бардык коркунучтар куру бекерге экенин түшүнүп, үйүңүздө баары жайына келет. Энеге баласынын ооруп атканын түштө көрүү – анын ден соолугу дайыма чың болоорун, мындай түштүн киргени эненин жүрөгүндөгү башка санааларга байланышканын билдирет. Түштө баласынын айыккыс оору менен ооруп атканын көрүү – коркунучтун жөнү бар, баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизчү жагдайлар болушу мүмкүн.
Титирөө — майда иштерге жөн эле санааркап атасыз, өзүңүздү колго алып, жашоого башка көз менен караңыз.
Малярия – сиз чындап эле ооруй турган болуудасыз. Эгер түштө сизде малярия талмасы кармаса, демек, өзүңүзгө болгон ишенимдин жоктугу иштериңиздин чалмакейин чыгарышы мүмкүн.
Чечек – коркунучтуу инфекция же оору сизге күтүлбөгөн жерден келип, пландарыңыздын баарын жокко чыгарат.
Эгер түшүңүздө бооруңуз оорукчан экенин көрсөңүз – бул бир гана нерсени билдирет, сиздин күйөөңүз себептүү да себепсиз да сизди жемелеп-жекирүүнү адатка айлантат.
Подагра (муун оорусу) – туугандарыңыздын акылсыз кежирлигинен көңүлүңүз кайт болот, анын айынан акчалай чыгымга да кабыласыз. Подагранын талмасы – сиз узакка чейин оору тууралуу унутасыз.
Ала, пес оорусу — ооруга, акча жоготууга жана жакын адамдарыңыздын сизге болгон жаман мамилесине. Түштө өзүңүздү ала оорусу менен ооруп калганыңызды көрүү – сүйүүдө сизди толугу менен эсиңизди оодара турган окуя күтүп турат.
Түштө рак сыяктуу оорудан айыгуу – кайсы тараптан болбосун, ийгиликке жетишип, мактоого батасыз. Рак менен оору – жакын адамыңыз менен урушуп, депрессияга түшөсүз, эч убакта унутпаңыз: сүйүктүү адам менен азыраак убакытка салкын тартуу сезимдердин кайрадан жанданышына түрткү болот.
Скарлатина – жарыкчылыкта эң бир ишенген адамыңыздын көзүңүзгө чөп салышы, же ден соолугуңузга коркунуч бар. Эгер түшүңүздө туугандарыңыздын бири скарлатинадан капыс кайтыш болсо, сиз ден соолугуңуздан кабатыр албаңыз, жагымсыз окулар сизге башка жактан келет: пландарыңыз кимдир бирөөнүн кайдыгерлигинен, же шалаакылыгынан ойрондолот.
Кургак учук менен ооруп калуу, же оорукчандарды көрүү – узак жылдар бою ден соолугуңузда мүчүлүштүктөр болбойт.
Түштө холеранын эпидемиясы адамдардын биринин артынан экинчисин жалмап атканын көрүү – вирустук ооруларга тушугуп калуудан, көп иштериңиздин аткарылуусу артка жылышы мүмкүн.
Котур – денеңиздин кычышканы түшүңүздө сезилсе, ачык орой басымга каршылык көрсөтүүңүзгө туура келет.
Кара тумоо – эбактан бери ойлонулган программаны ишке киргизүүгө тоскоолдук жараткан бардык кыйынчылыктарды жеңип өтөсүз.
Талма – лотореядан утушка ээ болушуңуз ыктымал. Талма оорусуна кабылган адамды көрүү – сиздин акыбалыңызда чоң өзгөрүү болот.
ООРУ
(Visited 77 times, 1 visits today)