Түштө оймок сатып алуу – калп, алдамчылык жана ушак. Алтын, же күмүш оймок сатып алуу – чыныгы кубаныч жана ырахат тартуулоочу адамдарга жолугасыз.
Дат баскан оймок – акылсыз кадамдарыңыз менен өзүңүзгө ашыкча түйшүк арттырасыз. Оймокту жоготуу – кайгы жана жокчулук. Оймокту издеп, үйдү үч көтөрүп, акырында ачык жерден табуу – айласыздан макул болуп, жумушка орношосуз.
Сүйүктүүңүздүн манжасынан оймок көрүү- кошуналар менен жагымсыз окуяга дуушар болосуз жана бул жүрөгүңүзгө так калтырат.
Оймоктун жардамы менен тигүү- жакындарыңызды сюрпризиңиз менен кубантасыз.
(Visited 14 times, 1 visits today)