Түштө радиодон музыка угуу – тааныштарыңыздын бири туш болчу жагымсыз окуядан кабар берет. Магнитафондон чыккан музыка – такыр көргүңүз келбеген адамдын келиши. Концертте, же операда музыка угуу- үй-бүлөлүк чыр-чатактын алдын аласыз. Ар түрдүү кайрыктарды ойногон музыканттар – негизинен алдын алууга мүмкүн болгон чыгашаларга барасыз. Көңүлдүү музыка – достор менен жагымдуу жолугушуу.
Салтанатуу музыка- узакка созулган достук жана ишенимдүү байлык. Марш музыкасы – жашоодогу ийгиликтерди багындыруудагы ак жол. Кайгылуу музыка – үй-бүлөдөгү чыр-чатак жана башка жагымсыз окуялар.
Түштө аза кайрыгын уксаңыз – үйүңүздөгү капа кылчу окуянын кабары. Жаз музыкасы ойнолсо – жакынкы аралыктагы окуя сизде кайчылаш сезимдерди жаратат. Катуу добуштагы музыка – балдарыңыз тартуулаган түйшүк.
Баарына жакшы таанымал, классикалык музыканы угуу- узакка созулган пайдасыз сүйлөшүү, убактыңызды курулай кетирүү. Шлягердин кулактын кужурун алган музыкасы – сизди тер төктүргөн мээнет күтөт, досторуңузду жоготушуңуз мүмкүн жана коомчулуктан ордуңузду табасыз.
Түштө музыка жазуу- жашооңуздагы олуттуу өзгөрүүлөр, ал абдан жакында болот. Жандүйнөнүн музыкалык инструменттерин көрүү- алыстагы досуңуздан кабар аласыз.
МУЗЫКА
(Visited 29 times, 1 visits today)