Түштө өзүңүздү кош бойлуу сезсеңиз, же кош бойлуу болуп жүргөнүңүздү көрсөңүз – күйөөңүз менен мамиленин муздашы, же балдарыңыз менен мамиленин катаалданышы. Жаш кыздарга мындай түш жагымсыз окуялардан башка эч нерсени билдирбейт. Эгер сиз реалдуу жашоодо чындап эле кош бойлуу болсоңуз, түш аман-эсен көз жарып алууну түшүндүрөт, саламаттыгы чың бөбөктүү болуп, тез калыбыңызга келесиз. Башка бирөөнү кош бойлуу көрүү – жагымсыз окуяларга, эгер ал адам сизге бейтааныш болсо, а эгер аны таанысаңыз – коркпостон пландарды түзө бериңиз, баары сизди баалашат, жакшы көрүшөт жана сыйлашат.
(Visited 208 times, 1 visits today)