Түштө кой көрүү – күтүлбөгөн кыйынчылыкты жеңип өтүүгө туура келет, бул сизден анчалык деле убаракерчиликти талап кылбайт, бирок, ийгиликти да алып келбейт, болгону баштапкы акыбалыңызды кайрып аласыз.
Эгер түшүңүздө сизди кой кубалап, сиз андан качып жүрсөңүз, өңүңүздө жагымсыз окуяларды күтө бериңиз. Сүзгүлөгөн кочкор – кимдир бирөөдөн өзүңүздүн дарегиңизге тескери ой-пикир угушуңуз мүмкүн, аны түшүнүү жана чыдамкайлык менен кабыл алыңыз. Жайытта оттоп жүргөн бир короо кой көрсөңүз – таасирдүү адамдардан колдоо табасыз.
(Visited 198 times, 1 visits today)