Түштө бут кийим кийсеңиз –иштеги чоң ийгилик жана маянанын жогорулашы. Шым кийүү- кимдир бирөөнү кучагынын туткунунда каласыз. Манжага оймок тагуу – олуттуу жагымсыз окуялар, андан чыгууга досторуңуз жардам беришет. Кол кап кийүү- сактыгыңыз сүйүктүү адамыңызга берешен жана таза ойлуу болууңузга тоскоол болбойт.
Бир сыйра кийим кийинсеңиз – улам чоңое баштаган балдарыңызга көбүрөөк тынчсызданасыз. Баркыт кийим кийүү- сизди атак-даңкка жана эмгегиңиздин үзүрүнө жетелейт. Эски жумушчу кийим кийүү- жумуштагы же коноктогу жагымсыз окуя.
Жаңы көйнөк кийүү- каалоолордун орундалышы, жыртык кийим – кайгылуу кабарга, башка бирөөнүн кийимин кийүү- татаал кырдаалга туш келүү жана ката чечим кабыл алуу.
Парик кийсеңиз – сиз кабыл алган өзгөртүүлөр жакшы жыйынтык бербейт. Көз айнек тагынуу- жармашка адам менен жолугуп, абдан чарчайсыз.
КИЙҮҮ
(Visited 99 times, 1 visits today)