Жалгыздап качып баратканыңызды түшүңүздө көрсөңүз, бул өнөктөштөрүңүздүн баарын бакыбаттуулук жагынан басып өтөөрүңүздүн белгиси. Анан да сиз коомдоо иерархиялык тепкичтеги ардактуу орунга туш болосуз.
Эгер сизге көп адамдар менен чогуу качып баратканыңыз кирсе, бул кайсы бир көңүлдүү майрамга катышууңуздун белгиси, анан да ишиңиз ыкчам өзгөрүп, каржылык ийгиликке жетелеп баратканына көзүңүз жетет.
Түштө качып баратып чалынып, жыгылсаңыз — өңнө тоскоолдуктарга учурап, чыгашага тушугасыз. Качууда кимдир бирөөнүн алдына өтүп кетүү – демек, ал адамдан узак өмүр сүрөсүз. Жылаңайлак качу – жагымсыз окуяны кабарлайт.
Бирөөнү чарчагыча кубалоо – акчалай чыгым, кушту кубалоо – күтүлбөгөн кубаныч, эгер кушту кармап алсаңыз.
Кимдир бирөөдөн качу – коркунучтуу саякатты кабарлайт, белгисиз тарапка качу – сиздин ийгилигиңиз ийгиликсиздик менен алмашат. Мергенчилердин, же чабандестердин чуркоосун көрсөңүз – кубанычтуу кабар угасыз, жыгылышса – реалдуу жашоодо ыза болосуз.
Кер аттардын чуркаганын көрсөңүз, сизге бактылуу күндөрдүн келиши күтүлөт, бирок капысынан бактылуулук кайгыга алмашышы мүмкүн. Бул түш тез өтчү жана үстүртөн караган кумарды да сүрөттөйт. Сиздин атыңыз качып, жапайы үйүргө кошулганын көрсөңүз, кимдир бирөөнүн оорусу тууралуу кабар аласыз. Качып бараткан эшек жаш кыздын түшүнө кирсе, аны жандаган жигиттер абдан көбөйөөрүнүн белгиси, бирок, бири да колун сурабайт.
Эгер сиз эшектен коркуп, качсаңыз – бул сиздин айланаңызда ушактар менен жалаалар жайылып атканынын кабары. Эгер сиз чоң жөргөмүштөн качсаңыз – демек, сизден ийгилик качып, кыйын кырдаалга кептелесиз.
Жалпысынан, кандайдыр бир коркунучтан качып баратканыңызды көрсөңүз, чыгымга учурап, ишиңизди сиз пландаган чекте чечүүгө мүмкүн болбойт.
Терезеден секирип түшүп качу – кайгыга туш келип, узакка андан чыга албайсыз.
Эгер сизге коркунучтан башка адамдар качып баратканы түшүңүзгө кирсе, бул досторуңуздун кырсыкка учурап, сизге кайгы алып келишин кабарлашы ыктымал.
Түштө сизден качып бараткан коенду көрсөңүз, анда сиз акырындык менен сизге баалуу нерселерди жоготуудасыз. Чычканды кубалоо – жашоодо атаандаштарыңызды жеңип чыгасыз.
КАЧУУ
(Visited 307 times, 1 visits today)