Кандай гана кабар укпа – эскертүү. Ата- йын бирөө чөнтөк телефон аркылуу чалып атканын көрсөң, акча маселеси боюнча та- лаш-тартыштар башталат.
Эгерде жаш кызга өзүнөн алда канча улуу бирөө чалса, жаш кыз сактанышы керек, жыргатам дегени менен пайдала- нат да, ара жолго таштап кетет.
Жигитке сүйлөшкөн кызы атайын чал- са, сенден башка бирөөнү таап алып, кимисин тандаарын билбей башы ооруп жат- кан кези. Белгисиз бирөө телефон чалса, же кат жөнөтсө, жакын арада жакын эле санап жүргөнүң сыздатып кете берет.
Өзүң бирөөгө калп эле билмексен болуп чалганыңды көрсөң, кызганып атасың.
Жаман кабар уксаң, оору, ишиңде кы- йынчылык.
Жакшы кабарлар – тагдырыңа ыраазы бол, телегейиң тегиз, дагы эмне керек сага? Эгерде кабарды өтө эле назик түрдө са-
га жеткирсе, сени бардык тараптан алда- гысы келип жатышат.
Көк түс менен жазылган кат, туруктуу сүйүү, татыктуу келечек. Кызыл түс ме- нен жазылган катты алсаң же сен күтпө- гөн мезгилде бирөө телефон чалса – орто- догу бузукуларга ишенбе.
Кыз – сүйгөнүнөн жакшы кабар алса, жаңы атаандашың пайда болду.
Эгерде сүйлөшүп атканда, телефонуң өчүп, эмне деп сүйлөшкөнүңдү укпай калсаң, бирөөлөрдүн жардамы менен жа- кындарыңдын арасында түшүнбөстүктөр пайда болот. Телефонуңду жоготуп алсаң, кызганчаак шыбакчылар сен жөнүндө ушак тарата башташат.
Телефонду катып жатканыңды көрсөң, жүрүш-турушуң өзүңө жакпай жүрөт.
Өзүң бирөөнө чалсаң, бузукунун тили- не кирип, жакыныңдан ажырап калышың мүмкүн.
Талкаланган телефон, чоң жаңылыш- тык кетирүүнүн алдындасың.
Кабарлар, жаңылыктар, ар кандай кептер
(Visited 28 times, 1 visits today)