Түштө ич кийимди көрүү – утушка ээ болуу, же мурас алуу. Эгер ич кийим жыртык болсо, сиздин карьераңызда тыныгуу болот. Ич кийимдеги саргайган тактар – конокторду тосууга камданыңыз. Кургатууга илинген ич кийимдер достор жана сүйүктүү адамыңыз менен пикир келишпөөчүлүк жана жарашуу болуусун эскертет. Ным ич кийимди сыгуу – жакшы эмес иш. Жипке өзүң илүү – жакын тууганыңдын оорусу. Жиптен кургатып алуу – үйдөгү кайгы. Ич кийимди үтүктөө — шайыр тааныштардын үйүңө келүүсү.
Ич кийимди жуу – үйүңдү тазалайсыз, же иш орунуңузду иретке келтиресиз. Кир ич кийимди көрүү – үй-бүлөлүк пикир келишпөөчүлүк жана жаңжал. Таза, жагымдуу жыттуу ич кийимдин шкафтын текчесинде иреттелип турганын көрүү – каржылык кирешенин белгиси. Ич кийимди кийинүү – кызыктуу жаңылыктар менен кабардар болосуз. Ич кийимчен жүрүү – сана-ойлорго чырмаласыз. Ич кийим сатып алуу – үй-бүлөлүк иштер менен алектенүү.
ИЧ КИЙИМ
(Visited 115 times, 1 visits today)