Өзүңдүн ооруп калганыңды көрсөң, бир аз чикерттейсиң, же жакындарыңдын
бири менен кер-мур айтыша кетесиң. Туу- гандын урушу, торконун жыртышы деп коёт кыргызда.
Кыз өзүн айыкпас дартка туш болгонун көрсө, кара далы боюнча калышы мүмкүн.
Аял ооруп калса – жакын арадагы той- го жок шылтоонун кесепети менен барбай калат.
Эгерде денеңе сары суу толуп калганын көрсөң, ооруп айыгасың да, куландан соо болосуң.
Кимдир бирөөлөрдүн ошондой оору ме- нен ооруганын көрүү – ал адам эң сонун акыбалда экени.
Гангрена менен ооруган адамды көр- сөң, жакындарыңдан айрыласың.
Кызылча менен ооруп калсаң, өлкөдөгү ар кандай тополоңдор сенин ишиңе аябай тоскоол болот.
Башка бирөө кызылча менен ооруп калса, ал адамдын ден соолугу сени каба- тыр кылат.
Сарык менен ооруп калсаң, аз күндө азаптан кутуласың.
Башка бирөөлөр сарык болсо, жанын- дагы адамдардан сактан, аларга ишене берсең, талаада каласың.
Рактан айыкканыңды көрсөң, кедей- ликтен кутулуп, бардар жашоого өтөсүң.