Колго көтөргөн жүктү көрсөңүз, ал жакшы нерсенин жышааны эмес. Сизде көралбастар жана душмандар пайда болуусу мүмкүн. Эгер сиз баштык жана чемодандарды көтөргөн жүргүнчүлөрдү карап турсаңыз, иш сиз ойлогондой абдан начар эмес, кыйынчылыктан чыгууңузга жол табылат. Эгер жүргүнчүлөр автоунаага отуруп кетишсе, өңдө сиз пландап аткан иш жыйынтык бербей калышы мүмкүн.
Эгер сиздин колуңуздагы жүк абдан оор болсо, бул демек, жакындарыңыз сиздин жардамыңызга муктаж болуп атканын байкабай, өзүңүздүн түйшүгүңүзгө белчеңизден батып кеткенсиз. Эгер сизге жүктү көтөрүүгө кимдир бирө жардам берип, бирок, капысынан колунан түшүрүп алса, ишенимсиз өнөктөштөрүңүздүн айынан ишиңиздеги маселе татаалданышы мүмкүн.
Эгер түшүңүздө жүгүңүздү жоготуп, таппай атсаңыз- үй-бүлөдө уруш болот, же жумушуңузда көйгөй жаралат. Эгер сиз турмушка чыга элек болсоңуз, анда мындай түш турмушка чыгууну пландоо белгисиз мөөнөткө жылат дегенди билдирет.
Жүк
(Visited 44 times, 1 visits today)