Эгер түшүңүздө сиз турган жээк тааныш эмес болсо, демек, абалыңыз оңолот, оорукчандар көрсө, ден соолугу калыбына келет. Негизинен бул түш тынчтык менен бакытты билдирет. Жээкте эс алуу – жашоонун бир калыптагы тынч агымга кирүүсүн аныктайт. Жээкте сейилдөө — алыс жакта калган ким бирөөгө, же бир нерсеге куса болуу.
Жээкте туруп, мемиреген толкундарга көз салу – демек, сиз жакында бийикке көтөрүлүп, алдыңыздан жаркын келечектин эшиктери ачылат. Эгер көлдүн жээгин көрсөңүз, сизди бакыт менен байлык күтүп турат. Океандын жээгинен толкундардын эки жакка шарпылдап атканын кароо – душмандарыңыздын тоскоолдугунан өтөсүз. Деңиздин бийик жээгинде сүйүктүү адамыңыз менен туруу – сиздин кыялдарыңыз жашоодо орундалат. Жарытылыштын кооздугун чагылдырган көлмө жээгинде туруу – сиздин иштериңиз илгерилеп, эс алууга да, көңүл ачууга да убакыт табасыз.
Эгер түшүңүздө чополуу жээкте аң казып атсаңыз — өңдө бул нерсе душмандарыңыз сизге чабуул жасоого даяр турганын туюндурат. Сизди жээкте калтырып, к ораблиңиз кетип атканын көрсөңүз, бир катар санаа-ойлордун болушун шарттайт. Башка жээкке сүзүп өтүү – каалоолордун кабыл болушу. Шар аккан киргилт өзөндүн ары жагына өтүүгө кайыкты күтүү – мыкты пландарыңыздын тоскоолдукка учуроосу, күтүлбөгөн кырдаалдардын жаралышы, каалоолоруңуздун ишке ашпай калышы.
ЖЭЭК
(Visited 28 times, 1 visits today)