Өзүңүздү түштө жылаңач көрсөңүз – достоуруңуздун жана жакындарыңыздын алдында чыныгы жүзүңүз ачылат. Жылаңач денеңизди элге көрсөтүп, көчөгө чыгуу- туугандар арасындагы талаш маселе. Стриптиз бийлеп атсаңыз – каалооңузду жеңил орундатып, көйгөйсүз жашайсыз.
Түштө келишимдүү, узун бойлуу кызды жылаңач көрүү- бакыбатчылыкка, көп тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө. Арык, же семиз, же кейипи келишкен жылаңач дене- душмандарыңыз ар бир ыңгайлуу учурда чалынтканга аракеттенишет.
Жылаңач эркектин дарыяга чөмүлүп атканын көрүү- көп күйөрмандардын пайда болушу. Мончодо жуунган жылаңач эркектер – кызганчаак ашыгыңыз сизге жана ата-энеңизге бир катар түйшүк тартуулайт.
Күзгүнүн алдында жаш жана сымбаттуу денеге суктануу – эркектердин көңүл чордонунда болосуз, бирок, андан ары эч кандай жыйынтык чыкпайт. Карыган жана бырыш денелүү болуп карыганыңызды көрсөңүз – кесиптештер арасындагы репутацияңызга зыян келтирүүчү жаңжал.
Адамдар көп жерде жылаңач болуп, ага уялуу- сырдуу кумарга азгырыласыз. Ачууланган күнүлөшүңүз кийимиңизди сыйрып алса – сүйүү мамилесинин бузулушуна алып келет. А эгер кийимиңизди эркек чечсе – кумарга жеңдиресиз.
Аялдар пляжында жылаңач жүргөнүңүздү көрсөңүз – күйөөңүз же көңүлдөшүңүз менен болгон мамиленин курчуусу. Нудисттердин пляжына туш келсеңиз – реалдуу жашоодо акчалай кыйынчылыкка учурайсыз, анда эркектердин мүчөсүнө көз артсаңыз – дайымкы жетишпестиктин айынан кедейчиликке туш келесиз.
Жылаңач эркектен жылаңач качуу- шайкелеңдигиңиз жаккан эркекти азгырууга жакшы жардам берет. Эгер түшүңүздө күйөөңүз сизди көңүлдөшүңүз менен төшөктө жылаңач жатканыңызды кармап алса – үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгат. Мончодо жылаңач жуунуп атсаңыз – кубанычтуу кабар. Жылаңач жаш балдарды көрүү- катуу чоочулоого.
ЖЫЛАҢАЧ
(Visited 439 times, 1 visits today)