Түштө жип көрүү – иштердеги кыйынчылык жана сүйүү мамилелериндеги түшүнүсүз акыбал. Эгер түшүңүздө жипти терезеден ыргытсаңыз — өңдө башка бирөөлөр уюштурган кечеге катышып, досторуңуздун камкордугуна ээ болосуз.
Жип менен кайсы бир жакка чыгуу – бардык кыйынчылыктарды жеңесиз, ылдый түшүү – чечүүчү кырдаалда көңүл калуу коштойт.
Түшүңүздө сиз жип менен байланып, кимдир бирөөгө таңылсаңыз – акылыңызды сезимиңиз жеңип, сүйүү байланышына башыңызды жоготосуз. Сизди чырмаган жипти чечсеңиз – атаандаштарга жана каршылаштарга каршы турууга чамаңыз жетет. Кимдир бирөөнү жип менен байлоо, же кимдир бирөө байланган жипти чечүү – бир убакта көп иштерди жөнгө салууга күч табасыз.
Жипте балага окшоп секирип атсаңыз – ийгиликтериңиздин келешине себепкер болгон адамдарга өзүмчүлдүк мамиле жасаба деген эскертүү.
Жипти итке, же мышыкка байлоо – реалдуу жашоодо жашоону сүйгөн адамдардын курчоосунда, алардын шарапаты менен бир топ боорукер жана сылык боло аласыз.
ЖИП
(Visited 59 times, 1 visits today)