Белекке укмуштуудай кооз жасалга алуу- маанайдын жакшы жактан жаман тарапка кескин өзгөрүүсү. Териден жасалган жасалга – үйдөгү бардар жашоо. Кымбат баалуу жасалга – ийгиликтүү ишкерчилик. Алтын жасалга – таң калыштуу кокустукка туш келүү.
Мончок, чынжырча – чарчаткан, бирок пайдасы көп иш чара. Кооз төөнөгүч – жагымдуу сюрприз, билерик- өз пикириңизге ээ болосуз, бирок, аны сыртка чыгарбайсыз, сөйкө, шакек сыяктуу тагынчактар – сизге жаккан нерселерди баалабасаңыз, жоготосуз.
Түштө жасалганы тагынуу – коргооч адамдардын жардамы менен байлыкка жетесиз, аларды башкалардан көрүү – шалаакылыкты жеңип, жалкоолуктан арыласыз, жасалга сатып алуу – күйөөңүздөн акчаны ашыкча кетиргениңиз үчүн жеме угасыз. Бир сөйкөнү таап алуу – кол жетерге аз калган максат алыстайт. Жасалгаларды жоготуу – бакыттын көз жашына.
ЖАСАЛГА
(Visited 16 times, 1 visits today)