Түштө татыктуу жазага туш келүү – реалдуу жашоодо эмгегиңиз татыктуу бааланат. Жетекчиликтен жеме угуу- өңдө олуттуу жазага кириптер болосуз, башка бирөөнү жазалоо- кол алдыңыздагы кызматкерлерге туура эмес мамиле жасаганыңыздын белгиси.
Түштө физикалык жазалоого кабылсаңыз – жалган жалаанын курмандыгы болосуз. Келтектелип, кыйкыруу – жалган ушакка, башкаларды келтектөө- зеригичтүү тапшырма аласыз. Чыбык менен сабоо- досторуңузга кеңеш берүүдөн баш тартпаңыз. Далыңызга чыпылдап тийген чыбык- олуттуу каршылаштарыңыздын чеңгээлинен оңой-олтоң чыгасыз. Кур менен сабалсаңыз – оройлугуңуздан татыктуу сынга туш болосуз. Балдарыңызды кур менен жазалоо- мындай түш сиз үчүн жакшы эмес кырдаалды билдирет.
Гауптвахтага камалып жазалануу- ден соолуктун бузулушу. Айып төлөөдөн качу- акчаңызды үнөмдөйсүз. Күнөөкөр болгон балдарыңызды бурчка тургузуп жазалоо- талаштагы туура эместигиңизди сезесиз. Жазадан качуу максатында жалган айтуу- досторуңузга адилетсиз мамиле жасап атасыз.
ЖАЗА
(Visited 24 times, 1 visits today)