Килейген чоң дарбызды көрсөң – сү- йүнө бер, жакында сага илхом конокко келет да, жашооңдо, жумушуңда, чыгар- мачылыгыңда эргүү пайда болот.
Дарбыз сатып же тандап атсаң – эч ойлонбой туруп, туура эмес чечим кабыл алуу, алды-артка карабай иш кылуу.
Дарбыз айдап жакшы түшүм алсаң – көптөн берки көңүлүңдү пас кылган, жү- рөгүңдү өйүгөн татаал иштин ийгиликтүү аякташы деп бил.
Жарылып жаткан дарбызды көрсөң – көптөн бери алалбай жүргөн карызыңды өндүрөсүң.
Эгерде эркек түшүндө анча таттуу эмес, чала бышкан дарбыз жесе – аялы менен мамилеси татаалдашат, акелеп-жекелеп, алтыным деп эркелетип, туура жолго же- телешип басууңар зарыл.
Ушундай эле түш аялга кирсе – жанды оозго тиштеп, баштайм деген ишинен баш тартып, акыл-эсин жыйнаганы оң.
Дарбыз
(Visited 65 times, 2 visits today)