Жаңы үзүлгөн тала гүлдөрүнөн жасалган гүлчамбарды түштө көрүү — өзүңүздүн каржылык акыбалыңызды оңдоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү алууңуз ыктымал.
Гүлчамбар жасоо – ийгиликке жетишүү, башка кийүү – кадыр-баркка, жана сый-урматка ээ болу. Соолуган гүлчамбар – ооруга, сүйүүнүн соңуна чыгышына, сиздин жана досторуңуздун жашоосундагы армандуу көрүнүшкө.
Жалбырактардан жасалган гүлчамбар – сый-урматка кабылуу, атак-даңкка туш келүү, пальма жалбырагынан жасалган гүлчамбар – турмушка чыгуу, эмен дарагынын жалбырагынан жасалган гүлчамбар – утушка, лавр жалбырагы – никеге туруу жана сүйүүдөгү бакыт.
Баштагы алтын гүлчамбар – жашоодогу жолуңуздун шыр кетиши. Гүлчамбарды кимдир бирөөгө кийгизүү – таарынышкан сүйүшкөндөрдүн жараштырууга салып кошосуз. Табыттагы гүлчамбар – мурас алуу. Бейитке гүлчамбар коюу – эгиз ымыркайлардын төрөлүшү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында гүлчамбар көтөрүү – бакытка жана ийгиликке.
ГҮЛЧАМБАР
(Visited 31 times, 1 visits today)