Түштө кандайдыр бир вагонду көрүү, сиздин никеңиз сиз күткөндөй бакыт алып келбешин, же үй-бүлөлүк түйшүктүн баары сиздин моюнуңузга жүктөлөөрүн билдирет. Эгер вагон жабык турса, сиз ага кирүүнү амалын таппай атсаңыз, демек, сизге иштериңизге олуттуу терс таасирин берүүчү караөзгөйлүк жашыруун даярдалып атат.
Эген түшүңүздө жүргүнчү вагондо кетип баратканыңызды көрсөңүз, демек, реалдуу жашоодо өз жүрүм-турумуңузду көзөмөлгө алып, жеңил ойлуу кадамдардан алыс болуңузду эскертет.
Вагон-ресторанда отурганыңызды көрүү – жакын арада алыскы жолго чыгасыз. Жүк ташыган вагондо, же метро, же трамвайдын вагонунда кетип баратуу – ойлонулбаган иштерди жасоодо этият болууңузду эскертет, мындай кадам айланадагы адамдардын ушак кебир жаратат.
Эгер сиз бараткан вагон тоого акырын чыгып баратса, демек, сизге абдан ишенген адамдарыңызды жоготуудан улам ой-санаа жармашат.
Жүргүнчүлөр жык-жыйма вагондо кетип баратсаңыз, карызга батып, кандай аракет кылсаңыз да, баштаган ишиңиз ийгилигин бербейт дегенди билдирет. Жамгыр жаап атканда вагондун үстүндө кетип баратканды көрүү – чоң кайгыга дуушарлантат.
ВАГОН
(Visited 24 times, 1 visits today)