Түштө сүт, же башка азыктар толтурулган бакты көрүү – көрүнүктүү ийгиликтин ээси болуу, же жагымдуу чөйрөгө туш келесиз. Сууга, же башка суюк заттарга толтурулган бак – эски таанышыңызга учурап, толтура жаңылыктарды угасыз. Бош бак – дөңгөлөккө түшүп калган тыйын чычкандай ары- бери чурката турган иштериңиз көбөйүп, бир мүнөт да эс алууга убакыт таппай каласыз.
Эгер сизге бакка шейшептерди салып, мешке коюп кайтанып аткан түш кирсе, анда бул үй-бүлөлүк кубанычтын белгиси. Бакка таштандыларды салсаңыз – ойлонулбай жасалган кадамдардан алыс болууга эскертме, ал сизге көңүл калууну алып келиши мүмкүн.
(Visited 51 times, 1 visits today)