Түштө бактагы чөптө, же гүлдө, же шиберде конуп турган, көпөлөк көрүү – сиздин мыйзамдуу иштериңиз жана толук эмгек менен келген ийгилигиңиз тууралуу кимдир бирөөлөр ушак таратышат. Учуп бараткан көпөлөк, же көпөлөктөр – алыска кеткен досторуңуздан, же туугандарыңыздан жагымдуу кабар. А башкысы – көпөлөк – бактылуу нике менен аяктаган сүйүү мамилеси.
Эгер ак көпөлөк көрсөңүз – сизге жакындарыңыз тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, ден соолугуңуздун жабыркоосу. Бөлмөгө учуп кирген ак көпөлөк тилек-ойлоруңуз аткарылат, а бөлмөдө учуп жүргөн көпөлөк кайсы бир жерге консо – демек, өңдө туугандарыңыздын бири ооруп калышы мүмкүн
Көпөлөктү кармоо – сүйүүдөгү ийгилик, же сырлардын ачыкка чыгышы. Жибек көпөлөк – кирешелүү орун жана суктанаарлык ийгилик. Торчо менен көпөлөктү кубалоо – үйдөгү жагымсыз окуялар, санааркоо, а эгер көпөлөктү тебелеп алсаңыз – ашыкча түйшүк, жарадар болсо – сүйүктүүңүздүн сиздин көзүүзгө чөп салуусу.