Ипподромдо ат чабыштарга көз салып туруу – күтүлбөгөн ийгилик. Ат жарышка катышуу — жашоодогу ийгиликтүү өзгөрүүлөр, мелдеште алган орун, башкача, айтканда ат чабышта сиз минген ат канчанчы болуп маарага жетсе, ошол сан жашоодогу башкы ийгилигиңиз ошончо жылдан кийин келет.
Чабандести көрүү, же аны менен сүйлөшүү – ойдо жок жерден белектүү болосуз, турмушка чыга элек кыздарга бул өзүнүн чөйрөсүндөгү адамга турмушка чыгууну билдириши мүмкүн. Чабандестин ордуна өзүңүздү көрүү – башкалардын көзүнө сиз жеңил ойлуу адамдай көрүнөсүз. Ат майданындагы жарыш аянтчасында ат чаптыруу – жагымдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз. Аттан кулоо – жогорку даражалуу кызматтын түшүү.
(Visited 263 times, 1 visits today)