Skip to content

Түш жору

Сонник

Арбак

Түшүңө арбактар кирсе, бул эскертүү болуп эсептелет.
Эгерде түшүңө маркум чоң атаң же атаң кирсе, баштаганы жаткан ишиңди да бир сыйра карап чыгышың керек. Айла- на-чөйрөңдө сага жакшылык каалабаган адамдар көп. Мындай түштөр эркекке да, аялга да бирдей мааниде. Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста.
Эгерде ыраматылык энең түшүңө кир- се, көп эле санаага бата бербе. Түн арты- нан күн чыгаарын эстен чыгарба.
Жакында эле каза болгон тууганың тү- шүңө кирсе, жакын арада кимдир бирөө- лөргө жардам бересиң.
Көп жыл мурун каза болгондордун ти- рүү экенин көрүп калсаң, ар кандай тес- кери иштерден сактанбасаң болбойт.
Мурун эле каза болгон тууганың колуң- дан бир нерсени талашып жатса, алдыда

сактанбасаң кырсык күтүп турат. Бул кырсыктан кутулуунун бир гана жолу бар, өзүңдүн ой-максаттарыңа да бир ирет жакшылап көз чаптырып көрүү. Адам то- пук кылыш керек. Эң башкысы, кандай гана арбак түшүңө кирбесин, бул эскер- түү. Куран оку, куран окут. Бизди кудай карап тураарын эч качан унутпа!

(Visited 574 times, 1 visits today)

yandex