Түштө алкоголдун таасирине кабылсаңыз – демек, жакынкы аралыкта сиз досторуңуздун курчоосунда убактыңызды көңүлдүү жана бака-шака өткөрөсүз.
Арак ичүү – куру бекер коротулган убакыттын жана шектүү кумарларга энергияны жок кылуунун кабары, вино ичүү – кубаныч жана бекем достук мамиле. Эгер ак вино ичсеңиз – көңүл ачуу, кызыл вино – көңүлдүү сейилдөө, алма сидри – жашоодо алкоголдук ичимдиктерди көп колдонбосоңуз, сизге бакыт жылмайышы мүмкүн. Башкалардын ичип атканын көрүү – алдамчы достордун таасирине кабыласыз. Шампан ичүү – пайдалуу ишке туш келесиз. Спирт ичүү – жандүйнөнүн депрессиясы, үмүтсүздүк.
Түшүңүздө бирөөлөргө сизди бир ууртам спирт ичүүнү сунушташса, демек, атаандаштарыңыз пайда болот, балким, майда-бараттар үчүн уруш-талаш орун алат. Түшүңүздө ичмейди таштап салсаңыз, же мындай кадамга башка бирөө барууну чечкенин уксаңыз – сиздин азыркы акыбалыңыз жакшырып, материалдык киреше көбөйөт.
Түштө ичимдик иччүлөрдүн кечесине катышсаңыз — өңдө сизди жаманатты кылчу окуяга кириптер болуп калу коркунучу бар. Масс абалындагы өзүңүздү көрсөңүз – сиз кумар алууну самайсыз.
Эгер түшүңүздө сиз алкаш болуп калсаңыз, демек, өңдө, максатыңызга жетем деп атып, каражатка карабастан, өзүңүзгө зыян келтиресиз жана жакын досторуңузга бул кылыгыңыз менен көңүл калууну жаратасыз. Түшүңүздө алкоголду көп колдонуу менен бөйрөгүңүзгө зыян келтиргениңизди айтып, кейип атсаңыз – абайлаңыз, тагдыр сизди ийгиликсиз, алдыга умтулбаган жана максатсыз адам менен байланыштырып коюусу мүмкүн. Алкоголго жабыркаган бөйрөк репутацияңызды бузуучу ар кандай кырдаалдардан алыс болушуңузду эскертет. Мастыктан тосмонун жанына кулап, же ылайдан турганга күчүңүз жетпей атса – сизге күтүлбөгөн жерден байлык келиши мүмкүн.
АЛКОГОЛЬ
(Visited 168 times, 1 visits today)