Skip to content

Түш жору

Сонник

Акча

 

Таап алсаң – адегенде майда-чүйдө начар иштер болгону менен акыры чоң байлыкка ээ болосуң. Сөзсүз чоң өзгөрүү болот.

Акча төлөп атсаң – эч кимге  пайда алып келбеген иштер.

Алтын алсаң – жетишкендиктер, ку- банычың койнуңа батпай сүйүнөсүң. Жо- готсоң – үй-бүлөдө чыр-чатак, жумушта ыйкы-тыйкы. Акча санап атып, жетпей калса эсеп-кысапта кемчилик кетиши мүмкүн.

Эгерде түшүңдө акча уурдап атсаң, сак- тыкка кордук жок ар бир ишиңде так бол.

Акча чогултсаң – эң бай адамдардын бирине айланасың.

 

Жутуп атсаң – өтө эле майдачыл болуп кеткенсиң.

Көп акчаны көрсөң, жакын арада жак- шы кабар угасың.

Көп акча таап алсаң, кимдир-бирөө ке- лип: «Меники!» – деп чыр кылса, өз жа- кындарыңдан эле зыян тартып калышың мүмкүн. «Алыбай алына жараша» деген- дей алыңа карап жаша.

 

(Visited 780 times, 11 visits today)

yandex