Түштө авторду көрүү (прозанын, поэзиянын, же музыканын авторубу – мааниге ээ эмес) бул демек, жакындарыңыздын чөйрөсүндөгү көңүлдүү кечеге туш болооруңузду билдирет. Авторлор менен бирдемени талкуулоо жана сүйлөшүү – баштаган ишиңиздеги ийгиликсиздик, же аны аягына чыгарууда тоскоолдук коштойт.
Чыгармасын аяктап, сизге сунуштаган авторду көрүү – негизги ишиңизден тышкары, кошумча жумуш катары алектенген ишмердүүлүгүңүздө жагымсыз көрүнүш болушу мүмкүн.
Түшүңүздө өзүңүздү автор катары көрсөңүз – кичинекей болсо да, азга созулса да, калк арасындагы атактуулук сизге келет. Эгер реалдуу жашоодо сиз чындап эле автор болсоңуз, бул түшүңүзгө да кирип атса – ар кандай тоскоолдук жана жагымсыз нерселерден кийин эмгегиңиз кабыл алынып, бааланат.
АВТОР
(Visited 13 times, 1 visits today)