Түшүңүзгө аварияны көрсөңүз — өңүңүздө алыс эмес, бирок, абдан амбициялуу адам менен жолугушуп, көпкө сүйлөшүү болот – бул эгер сиз жол кырсыгына өзүңүз катышпай, сырттан карап турсаңыз маанилүү.
Авариянын катышуучусу болуу башка иш. Мындай учурда жогорку күчтөр сизге каршылаштарыңыз тарабынан кандайдыр бир коркунуч келээрин аян кылышы мүмкүн. Абайлап жүрүүнү эскертишет. Кокус түшүңүздө автоунаалардын кандай түрү болбосун, сүзүп кетсе — өңүңүздө ар кандай кыйынчылыктан жана жагымсыз иштерден кутула аласыз.
Эгер сиз өзүңүз башкарган автоунаа жол кырсыгына кептелип, кимдир бирөөнү сүзүп кетсеңиз – эс алууңуз көңүлдөгүдөй өтпөйт. Эгер сиз жол кырсыгына кептеле жаздап, бирок кырдаалдан жол таап кетсеңиз – баары жакшы болот, каршылаштарыңыздын арам ойуна илинбей, кутуласыз.
Аваилайнердин бортундагы кырсык, сизге көптөгөн жаңы пландарды убадалайт, алар сиздин жашооңузга бир катар тынчсынданууну жана түйшүктү алып келет.
Деңиз кайыгындагы авария – жакшы кабар, татаал иштеги ийгиликти билдирет. Эгер сиз кораблдин кыйросунда каза тапсаңыз – абдан жакын адамыңыз сизге жардам сурап кайрылат, ага көмөк көрсөтүү сизге аз эмес тобокелчилик тартуулайт. Эгер деңиз кыйроосунда сиз эмес, башка бирөөнүн жабыркаганын көрсөңүз- өзүңүз кимдир бирөөнүн жардамына жана коргоосуна муктаж болосуз.
Авария
(Visited 185 times, 1 visits today)