(Кхмер жомогу)
Илгери-илгери бир кыз жашаптыр. Бир жолу аны апасы жапайы жемиш терип келүүгө токойго жумшайт. Кыз күрөк менен чырпыктан согулган себетти алып, токойго барды да, бадалдардын коюу жерине кирди. Бадалдардын арасында ак түстөгү уулуу курттун уясы бар экен, анын жанында терең ийин. Бул уянын жанынан кыз жапайы жемиш издеп атты, күрөгү колунан ыргып, ийинге түштү.
Кыз ары-бери чуркады, күрөгүн такыр алалбады, акырында кимдир-бирөөнү жардамга чакыра баштады.
Капысынан эле коюу бадалдын арасынан абдан карыган жолборс чыкты, башына жара чыгып, ириңдеп кетиптир.
– Мен сенин үнүңдү уктум, жардамга чакырдың. Жардам берүүгө даярмын, күрөгүңдү алып берем. Бирок, сен анын акысына башымдагы жарамды дарылап бер, башка ыраазылыгыңдын кереги жок, — деди ал.
– Ах, чоң ата! Сиз күрөктү эле алып бериңиз, сиз үчүн баарын жасайм, — деди анда кыз.
Жолборс күрөктү чыгарып берди да, кыздын убадасын аткарышын күтүп калды. Кыз өткүр таякчаны алып, жараны тазалады.
– Менин терим жагымсыз жыттанып атса керек? – деп сурады жолборс.
Чындап эле, жарадан ушундай жагымсыз жыт чыгып аткан, дем артка кайтарылды. Бирок, кыз:
– Жок, жок, чоң ата, андай эмес, — деди.
Жолборс бир нече жолу кайталап сурады, а кыз баштагы жообун айтты.
Кыз өз ишин бүтөөрү менен жолборс капысынан жүнү жалтырап, жарасы айыкканын байкады.
– Бамбуктан жасалган себетиңди бер, мен сага жапайы жемиштен терейин, — деди жолборс.
Кыз себетин сунду, а жолборс көрсөтпөй себетке толтура кылып таза алтын менен күмүштөн салды. Капкагын бекем жаап, мындай деди:
– Себетиңди ал дагы үйүңө жөнө. Баргандан кийин ата-энеңди, эже-агаларыңды чакыр, каалганы жылчыксыз жаап, андан кийин гана себетти ач.
Кыз ага ыраазычылыгын билдирип, коштошту да үйүнө жөнөдү. Ата-энесин, эже-агасын чакырды, каалганы бек жапты, андан кийин себетти ачты. Карашса эле анда алтын менен күмүш жалтылдап атат!
Арадан бир нече күн да өтпөдү, бул тууралуу кошуна дагы укту. Анын да кызы бар эле. Кызын жемелеп-зекип уткара баштады:
– Башкалардын кызын карачы! Токойдон алтын-күмүш алып келди, эже-агаларына белек кылды. А сен жапайы жемиштерден башканы таппайсың. Күрөктү ал дагы уулуу курттардын уюгуна жөнө, кошуна кыз эмне кылган болсо, ошону кайтала.
Кошуна кыз токойго барды. Күрөктү ийинге таштап жиберип, жолборсту жардамга чакырып, күрөгүн алып берүүсүн суранды. Ыраазычылык билдирип, бардык каалоосун аткараарын айтууну да унутпады.
Жолборс күрөктү алып чыкты, ыраазычылык катарында жарасын тазалап берүүнүөтүндү. Кошуна кыз тазалап баштады, а жолборс андан сурайт:
– Менин теримден жагымсыз жыт чыгып атса керек?
– Ой, чоң ата, аябай жагымсыз жыт!
– Макул. Жетиштүү болду. Бамбук себетиңди бере кал, мен сага бир нерсе салып берейин.
Кошуна кыз себетин дароо сунду. Жолборс ага уулуу жыландарды салды да, мындай деди:
– Үйүңө жөнө, энеңди чакырып, каалганы бек жаап, андан кийин себетти ач.
Кошуна кыз жолборстун айтканындай жасады. Үйүнө келип, энесин чакырып, каалганы жаап, себетти ачышты. Ичинде алтын менен күмүш бар деп ойлошкон.а ал жактан уулуу жыландар сойлоп чыгышты! Эне менен кызга үйдөн качып чыкканга туура келди.