Карапа искусствосун дүйнө жүзү боюнча эң байыркы өнөргө киргизүүгө болот. Археологиялык табылгалар бул фактыны тастыктайт, коомчулукка тез -тезден жаңы экспонаттар — жүз жыл мурун жасалган карапа буюмдары табылганы жар салынып турат эмеспи.
Бирок, ушул күнү да карапа искусствосуна ээлик кылган адам оңой эмес акча табышы мүмкүн. Карапа искусствосунун көп сандаган күйөрмандары бул тармактын жок болоуп кетпей, тескерисинче, жанжанып турушуна салым кошушат.
Ошондуктан, көптөгөн адистер хоббисин киреше булагына айлантууну каалашат. Көпчүлүк учурда мындай чечим туура болуп чыгат. Карапа өнөрканасын ачуу жана аны ишкерчиликтеги кирешелүү булакка айланту үчүн сабаттуу жана аргументтүү бизнес-планды иштеп чыгып, кадам сайын аны аткарууга умтулуу керек.
Белгилеп кетчү олуттуу нерсе, эгер сиз карапа иши менен такыр тааныштыгыңыз болбосо, бирок, бул тармак сизге кызыктуу болуп атса, анда мындай ишкананы ачуу толук реалдуу.
Алгач карапа өнөрканасын ачуу канча тепкичтен тураарын жакшылап пландаңыз, сиз мыкты менеджер, ийгиликтүү уюштуруучу болсоңуз эң сонун. Мындай учурда карапа жасоо боюнча адистерди жалдап иштете турган ишкана ачуу талапка ылайык. Бизнестин сабаттуу уюштуруу — ийгиликтин кепилдиги болуп берээрин унутпаңыз.
Эң биринчи, бизнести мүмкүн болушунча аз сумма менен баштоо керек, бул кыска убакытта кетирген чыгашаны кайрып алууга коркуунучтуу эмес. Андан соң, убакыттын өтүшү менен бизнести кеңейтип, өндүрүштөгү кулачты жайып, жумушчулардын да санын арбытууга болот. Иштин ушундай багытын тандап алып, аз убакытта кирешелүү бизнести жолго коюуга болот.
Белгилеп коюу керек, карапа өнөрканасын ачуу бизнесинде атаандаштык жокко эсе. Бул тармак анчалык көзгө урунбагандыктан, ишкерлердин айрымдары гана бул иште өзүн сынап көрүүгө батынышат.
Анын шарапатынан базардагы боштук кенен, бул иштен пайда табуу кыйын эмес. Бирок, башка жагынан караганда, карапа өнөрканасынан үзгүлтүксүз киреше табам десеңиз, талыкпаган мээнет менен сапаттуу продукция чыгарууга аракет абдан көп керектелет. Эгер катардагы товар жасасаңыз, ал сапаты жагынан окшош фирмалардын чыгарган продукциясынан айырмаланбаса, анда ишкананын кирешеси жогору болот деп күтпөй эле коюңуз.
Эми карапа өнөрканасын ачуу бизнесин уюштуруу ишине өтүшүбүз керек. Биринчи албетте, ылайыктуу имарат керек. Бул жерде анын аймактык жайгашуусу роль ойнобойт, анткени шаардын бизнес- борбордук бөлүгүнөна алыс турган жерден имаратты ижарага алуу менен каражатыңызды үнөмдөй аласыз.
Адистер имаратты дароо менчикке сатып алууга кеңеш бербейт. Ижарага алуу жетиштүү, андан ары бул иш канчалык ыңгайлуу экенин байкаштырасыз. Өнөр жай имаратынын аянтынадагы бир канча талаптар бар. Негизи, эки бөлмөдөн турган имарат ылайыктуу деп эсептелинет. Алардын бири, болжол менен 50 чарчы метр аянттагы бөлмө өнөркана катары кызмат кылса, экинчиси, болжол менен 20 чарчы метрлик бөлмө керектүү материалдарды сактоочу жайдын милдетин аткарат.
Имарат табылып, анын ээси менен ижара акысы боюнча тийиштүү келишим түзүлгөндөн кийин, жабдыктарды сатып алууну ойлонуңуз. Өз алдынча сатып алуу болбойт, эгер бул маселеде терең талдай билбесеңиз, жакшысы, жаныңызга карапа өнөрканасынын сырын жетиштүү билген адамды кошуңуз.
Же адистер менен кеңешиңиз, ошондо жабдыктарды туура тандап алууга ишеним көбүрөөк болот. Биринчи убакытта карапа айланмасы, чопону аралаштыруучу жабдык, чопо салмагын өлчөөчү тараза, ар түрдүү багыттагы формалар, даярдалган продукцияны катуулатуу үчүн бышыруучу атайын меш сыяктуу жабдыктар менен чектелиңиз. Андан тышкары сактоочу жай үчүн бир нече кабаттуу текчелерди жана шкаф сатып алуу да ашыкчалык кылбайт. Алар борпоң буюмдарды сынып калуудан ишенимдүү сактай турган болсун.
Жабдыктар тандалып, сатылып алынып, ижарага алынган бөлмөлөргө орнотулгандан кийин, жумушчуларды ишке алуу аракети менен алектениңиз. Көптөгөн ишкерлер ушул жаатта каражатты үнөмдөп калууну көздөп, бир кызматкерге бардык милдетти артып коюшат. Бирок, мындай чечим тамырынан туура эмес.
Анткени, физикалык жактан деле бир адам бардык ишке жетише албайт. Өзгөчө, эгер сиз жабыштырып жасоону өзүңүз аткара турган болсоңуз, милдет бөлүштүүгө абдан көңүл буруңуз.
Мындай учурда, ишкерге продукцияны чыгаруу жана ар кайсы каналдардан сатылыш жагын кароо, тапшырык берүүчүлөр менен жеткирүүчүлөрдү издеп, жарнама компанияларына кайрылуу сыяктуу бир топ милдеттерди бир убакта аткарууга туура келет. Ошондуктан, опттималдуу чечим — аткарылчу милдеттерди бир нече кызматкерлерге бөлүштүрүп салуу болоорун эске алыңыз. Баса, айлык маяна кызматкерге канча милдет жүктөлгөнүнө жана анын квалификациялык деңгээлине жараша аныкталат.
Бир катар ишкерлер карапа өнөрканасынан түшкөн пайданы көбөйтүүгө кийинки ыкманы колдонушат. Аны реализациялоо үчүн кошумча цех ачып, уникалдуу буюмдарды жасашат, алар жалгыз экземплярда, тапшырык менен гана жасалат.
Кээде эгер ал карапа искусствосу менен тааныш жана мындай продукцияларды жасап чыгарууда тажрыбайсы бар болсо, өнөрканада ишкер өзү да иштейт. Эсклюзивдүү карапа буюмдарын жогорку баада сатууга болот, ал олуттуу пайданы алып келет.
Карапа өнөрканасы чындап эле кирешелүү жана ийгиликтүү болуусун кааласаңыз, уюштуруу маселелери чечилээри замат продукцияны сатып өткөрүү каналдарын издеп баштаңыз.
Мында жардамга жарнамалар, көркөм көргөзмөлөргө катышуу, потенциалдык кардарлар менен таанышуу сыяктуу аракеттер келет. Ар бир шаарда сатып өткөрүү каналдарын табууга болот, карапа искусствосуна кызыккан адамдар биздин заманда көп. Бул сувенердик буюмдар шаардын соода борборлорунда, бекеттерде, ири супермаркеттерде жана гүл дүкөндөрүндө сатылат.
Бүгүнкү күндө сатуунун эң башкы жолу иболуп саналат. Жеке интернет- дүкөн сайтыңызды ачыңыз, же аукцион сайттары аркылуу товарларыңызды сатыңыз, кирешеңиз аз убакыттын ичинде көбөйөт. Бардык маалыматтарды алдыңыз, эми карапа өнөрканасы боюнча ишкерликти ачууда түшүнүгүңүз кеңейди, булар сизге жардам берет деп үмүттөнөбүз.