Теводроса падышанын заманында бир көпөс жашаптыр. Бир жерден ар кандай буюмдарды сатып алып, аны экинчи жерге барып үстүнө акча кошуп сатып, оокат өткөрчү экен.
Күндөрдүн биринде көпөс өзөндүн боюна эс алууга токтойт. Андан кийин кербенин кайрадан жүктөп, сапарын улантат. Көп убакыт өткөндөн кийин көпөс өзөндүн жээгине ичинде акчалары салынган капчыгын унутуп койгонун эстейт.
Көпөс шашылып кербенди артка бурат. Капчыгын издегени келатканда жолунан бейтааныш адамды жолуктурат.
– Эмне издеп атасың? -деп сурайт бейтааныш.
– Акча салынган капчыгымды жоготтум.
– Канча сом бар болчу?
– Жүз.
– Аа, анда аны мен таап алдым окшойт. Мына сенин акчаң, — деп кубанган бейтааныш капчыкты сунду.
Көпөс акчасын алып, сурады:
– Менин эки жүз сомум бар болчу. Калган акчамды кайтарып бер!
– Жок нерсе бар болбойт. Мен капчыктан жүз сом гана көрдүм, — деп таң калды бейтааныш.
Экөө талашып-тартышып, акырында падыша Теводроско барышат.
Падыша көпөстөн сурады:
– Канча акча жоготтуң эле?
– Эки жуз сом!
– А сен канча сом таап алдың? – эми падыша бейтаанышка кайрылды.
– Жүз сом, — деп жооп берди ал.
Ошондо падыша мындай деди:
– Көпөс сенин эки жүз сомуң жоголгон болсо, ким эки жүз сом таап алганын издештир. А жүз сом таап алган адам аны өзү алганга акылуу. Эгер жүз сомун жоготкон адам табылса, мен ага төлөп берем.

Бөлөктүкүнө көз артсаң, өзүңдүкүн жоготосуң
(Visited 23 times, 7 visits today)
Эскертүү! kgbook тиркемесиндеги жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратууга көчүрүп алганга жэ аудиозапись кылганга уруксат берилбейт! Баардык китептер автордук укук келишим жана уруксаты менен жайгаштырылган!