Бир жолу Ньямье Кудай жер бетинде жашаган бардык адамдарды жана жан-жаныбарларды чакырып келүү үчүн элчилерин жиберди. Баары чогулган кезде Ньямье:
– Ар бириңер жер үстүндө эмне иш менен алек болгуңар келгенин айткыла. Мен баарына уруксат берем, — деп жарыялады.
Адам айтты:
– Мен айылда жашап, өзүмдүн талаамда иштегим келет.
– А биз болсо токойдо жашоону каалайбыз, — деп бир ооздон үн катышты жырткычтар.
Бир гана хамелеон такыр унчуккан жок.
– А сенчи? – деп Ньямье андан сурады.
– Мындай да, мен бардык жерде жашагым келет, кайсы жерге барбайын ал жер мага таандык болуп турса, — деди хамелеон.
– Макул, — деди Ньямье, — Ким эмнени сураса, ошону алат.
Ошондон бери адамдар айылдарда, жырткычтар токойдо жашашат. А хамелеон кайсы жерге барбасын, ошол жерге ылайыктуу түскө кубулуп, бардык жерде өз үйүндөй эркин жүрөт.

Хамелеон кандай түстө болот?
(Visited 7 times, 2 visits today)
Эскертүү! kgbook тиркемесиндеги жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратууга көчүрүп алганга жэ аудиозапись кылганга уруксат берилбейт! Баардык китептер автордук укук келишим жана уруксаты менен жайгаштырылган!