«Жылдын адамы»
Аликбек Жекшенкулов
…»Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» болдубу, Аликбек Жекшенкулов Ак сарай ичиндеги көралбастардын оюнунун айынан, жакшынакай иштеп жаткан жеринен эле тышкы иштер министрлиги кызматынан алынды. Бирок, айрымдарчылап кайра Ак үй тараптан жылуу кабарды айткан телефон качаан чыңгырар экен деп күтүп отурган жок. Көкүрөгүндөгү тазалыктын ишин, жөндөмүн башка жээкте туруп баштоону чечти. «Акыйкаттык үчүн» деген кыймылды түзүп, көп өтпөй коомдук парламентти түптөп, 2007-жылдагы апрель митингинен кийин чачырап кеткен оппозициянын башын бириктирип, өзүнө таандык иш билгилик касиеттердин негизинде, кыска мөөнөттө ошол оппозициянын лидерлигине жетишип, эл оозуна алынды.
Массалык маалымат каражаттары дагы оппозиция анабашчыларын санаганда, анын аты үчтүн бири болуп айтылып, коомчулукка тарай баштаган. Жекшенкуловдун далайдан бери келе жаткан мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы, ички-тышкы байланыштары, стратегиялык ой жүгүртүүсү, уюштуруучулук жөндөмү, тактикалык жүрүштөрдөгү чеберчилиги алсыраган оппозициянын кайрадан жандануусуна шарт түздү. Жекшенкуловдун эң таасирдүү фигура экенин бийлик да далилдеди. Аликбектин артынан сая түшкөн бийлик жасоолдору анын өмүр баянын казып, изилдеп да чыкты. Мындай аракеттер май чачкан сыңары, тескерисинче анын абройунун жогорулашына алып келди. Бийлик азоого чалма ыргытуу аракетин андан ары улантып, Жекшенкуловдорду укум-тукумунан бери сурап, бир үйбүлөдөн беш адамга кылмыш ишин козгоду. Акыры инисин Балыкчыдан кармап, өзүн киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп камакка алды. А дегенде «сексуальный маньяк» деп, ыплас ойлорду чыгарып, анысы такталбай, жазгандар соттон жеңилгени көпчүлүктүн эсинен чыга электир. Ошондо да Аликбек айкөлдүгүн көрсөтүп, аларды кечирди. Андан соң, убагында болсо ТИМге ажо өзү барып, андагы жүрүп жаткан иштерге тамшанган, анан эле ошол иштери үчүн күнөөлүү болуп чыга келген, министрликтеги ичип-жеди деген шылтоосу такталбай, «уурдалды» деген эшиктери кампадан чыгып, тескерисинче, Аликбектин кылганы мамлекетке пайда алып келгени айтылып, ал аракеттери да суу кечпей баратканда, ага дагы бир кылмыш статьясын таап чыкты — «киши өлтүргүч» деген. Ушул иштер бүгүнкүгө чейин Чубактын кунундай чубалып келет. Бизнес менен шугулданбаган Жекшенкулов кандай мотив менен фасоль саткан түрк ишкерин атууга кызыкдар болооруна кызыккан чыныгы из кубар жок. Болсо да, «андай эмес» деп айтууга даай албай келет. Баса, ушу тапта Жекшенкуловдун уулу, Кыргызстанда өлтүрүлгөн түрк бизнесменинин Мекени болгон Түркияда, БУУнун тармагында иштеп жүрөт деп уктук. Бул эми логика үчүн айтылган сөз. Дегенибиз, эгерде Жекшенкулов чыны менен эле түрк ишкерин өлтүргөн ишке барса, анын уулу Түркияда кенен-кесир иштеп жүрөт беле?
Ал эми жеп-ичти деген иниси Балыкчыда абройу чоң, 9 жыл вице-мэр болуп иштеп, эл алкышына татыган жетекчи болгон деп айтылып келет. Анын чындыгына бир мисал, кызматтан кеткенден кийин да, балыкчылыктар шаардык кеңешке депутат кылып шайлап алган. Ушуларды карап отуруп, Жекшенкуловго болгон көрүнүштү саясатчылар айткан «бул бийликтин заказы» деп жаткандарында калет жок деген ойго такаласың.
Окурмандардын деле эсинде болсо керек, өткөн кышта Жекшенкулов Америкада жүргөнүндө бийлик жасоокерлери кылмыш ишин козгоп, «келсе камалат» дегендей аракеттерди жасашкан. Бирок, Аликбек абийирим таза, камаса камаар, бөтөн жерде каңгып жүрбөйм. Акыры чындык жеңер» деп элине кайтып келген. Себеби, ал өзүнүн таза экенин, анан кантип эле Ак адамды капкара кылып салсын деп ойлосо керек. А, биздин өлкөдө акыркы учурда акыйкат деген нерсе өтө таңсык болуп баратканын тажрыйбалуу дипломат сезсе да, анчалыкка барбайт деп ойлоду бейм. Анан калса, Жекшенкуловду камакка алуунун бир себеби алдыда президенттик шайлоону өткөрүү болжолдонуп жатканда, «саясатта чоң тажрыйбасы бар Аликбектей фигуранын өзгөчө таасири болмок» деп саясат таануучулар айткан пикирлерде да чындыктын чоң үлүшү бардай.
Бүгүнкү иштери боюнча орустар айткандай, «нету мотивов, нету доказательств, нету свидетелей»…
Жекшенкуловдун соту болсо дале уланууда. Ушул өңүттөрдүн баарын таразалап көрүп, өлкөбүздүн өркүндөшү үчүн иштечү өтө тажрыйбалуу адис, өз ишинин профессионалы, чебер дипломат, тышкы иштер экс-министри Аликбек Жекшенкуловду парапсихолог Мелис Карыпбеков сүрөттөгөндөй, билимдүү, маданияттуу, кайраттуу кишини көпчүлүк окурмандарыбыздын добушу менен акыйкат жарчысы катары санап, «Назар» гезити «Жылдын адамы» номинациясын ыйгарууну эп көрдүк.

Назар №52, 25.12.09
(Visited 18 times, 1 visits today)
Эскертүү! kgbook тиркемесиндеги жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратууга көчүрүп алганга жэ аудиозапись кылганга уруксат берилбейт! Баардык китептер автордук укук келишим жана уруксаты менен жайгаштырылган!