Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур.
Бир күнү кан өзүнө караштуу элдердин баарын чакырып алып:
— Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, — деп жарыя кылат. — Биринчи, бул дүйнөдө эмне таттуу? Экинчи, бул дүйнөдө эмне катуу? Үчүнчү, бул дүйнөдө эмне оор?
Ошондо элдин арасынан бир чал чыгып:
— Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз, менин Карачач деген кызым бар. Мен үчүн кызым жооп берсе болобу, каным? — деп сурайт.
— Сен үчүн кызың жооп берсе болот, — деп кан чалдын суроосуна макул болот. Экинчи күнү чал кызын ээрчитип келет кандын ордосуна.
— Таксыр каным, кандын суроосуна жооп бересиң, деп атам ээрчитип келди. Сурооңузду кайталап коюңуз, мен жооп берейин, — деп Карачач канга кайрылат. Кан баягы суроолорун кайталап берет. Карачач кыз бир аз ойлоно калып, анан чечмелеп кирет.
— Балдан ширин — жигиттин алган жары, таштан катуу — жокчулук зары. Чын убададан — оорду көрө албадым! Мен деңиз жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата-энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиз жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экөө мени: «Кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок», — деп дайыма жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны, менден ысык нерсеси жок го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четке жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо да, эри менен аялдан жакын боло албайт экен го деп ой
лоймун.
Экинчи, жокчулук — таштан катуу деп айтканым, кайсы бир убакта атам балыктын чабагын да алалбай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда үйгө атамдын курбу-курдаштары келип калганда, тамак бере албай, «ай жокчулук», деп капаланып отурган күндөрү болчу. Ошондуктан жокчулук таштан катуу экен го деп ойлойм.
Үчүнчү, убада — оор дегеним, ушуну менен айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, баарыдан убада оор экен деп ойлоймун.
— Суроомо туура жооп берди, кызым, — деген кан Карачачтын атасына ат башындай алтынды бердирет. Андан кийин кан кызга карап: — Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун, — дейт.
Карачач кыз үйүнө барып, үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча атасын жиберет да: «Ата, кан оңой суроо берсе жооп бериңиз. Эгер кыйын суроо бере турган болсо, «үч күнгө чейин уруксат бериңиз» деп кайра үйгө келерсиз, — дейт. Чал кан ордосуна барат. Кан аны чакыртып алып:
— Ээ чал, кечээ кызыңдын суроого жооп бергенине ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүйнө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиң, сени өмүрүң өткөнчө байлыкка тундурам. Менин мурда тогуз аялым бар эле, бирок бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым, Карачач кызыңды мага аялдыкка бергиниң. Мен эрке токол кылып алайын, — деп сурайт.
— Сизге кызымды токолдукка берип, көп дүйнө алып байыгандан көрө, өзүмдүн күндөлүк эмгегим менен балык кармап оокат кылганым артык эмеспи, — деп чал жооп берет.
Чалдын бул сөзүнө ачуусу келген кан:
— Чалды даргага тарткыла, — деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал коркуп кетет да, үч күнгө уруксат сурап, үйүнө кайтмак болот. Чалды үч күнгө бошотуп жатып кан:
— Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулган дал ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөзгө макул болуп, кызыңды бересиң, — дейт. Чал корккон боюнча сандалып үйүнө келет да, тескери жаткан калыбында ыйлай берет.
— Ээ ата, эмнеге ыйлайсыз. «Миң күнкү караңгылыктан, бир күнкү жарыкчылык артык» деген бар. Ата, кайта канга барып сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кантсе да, кан кызыңды мага бер деп айткан чыгар. Сиз калыңга мал сураңыз, ошондо гана кызымды беремин деңиз. Ал калың жайы мындай: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кырк арстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк бериңиз деп айтыңыз. Ушуну берсеңиз кызымды беремин. Андан соң кайгысы жок картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла деңиз. Ушуну айтып келе бериңиз, — деп атасына сөз үйрөтүп жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң-таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малыңды таап берем деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнүн вазирлерин, карыя кеңешчилерин, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткандарын кандай кылабыз деп акылдашат. Отургандардын арасынан бир карыя:
— Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын, — дейт.
— Муну айткан Карачач кыздын өзү арстанды кармоону билет. Кызды алдырып сурайлы, — деп сунушун айтат дагы бири. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Кыз келгенден кийин кан:
— Жырткыч айбандардын сага жана ата-энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын-күмүш алып ата-энеңе берсең, ичип-жеп, жыргап жата бербейби, — дейт. Кыз унчукпай көпкө отурду да, анан бир кезде:
— Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Урматтуу каным менин башыма боштондук берсин деп, боштондук сураган элем. Мен айттырган калың мал эмес. Силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың үчүн он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим. Жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жулунбайбы. Кырк арстан дегеним, кыркка чыкканда адам арстандай күчкө келбейби. Элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним, адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк дегеним, сексенге чыкканда адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Кайгысы жок картаң молдого нике кыйдырсын дегеним, картаң адамдардын ичинен кайгы-капасы жок бир да адам болбойт. Ошондуктан менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби, — деген менин канга карата айткан табышмактуу суроом болчу. Ушул отурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду териштирип көргүлөчү. Айткандарымдын катасы болсо, кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин. Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын, — деп кыз таазим кылды.
Ошондо отургандардын ичинен бир аксакал адам:
— Балам, Карачач кызым, бактың ачылсын, жолуң болсун! — деп кандын уруксаты жок эле кызга бата берип жиберет. Отургандар жалпы бата тилешет, кызга каалоо-тилектерин билдирип жаалап кетишет.
Кан айласыздан аксакалдардын сөздөрүн кубаттап, көпчүлүктөн чыга албай, бир жагынан кызга ыраазы болуп уруксат берүүгө макулдугун билдирет. Ошондон кийин кыздын атына кошумча Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда алиге сөз болуп жүрөт.