Мекениңде ызгаардуу кыш болуп турган кезде, жылуу Мальдив аралдарында эс алганга эмне жетсин!
Жумшак, жылуу кум менин узун, түптүз буттарымды эркелеткендей куюлушат. Көгүлтүр океандын шарпылдаган толкундары мукамдуу музыкадай эс алдырып, чексиз мейкиндикти андан бетер көркөмүнө чыгарат.
Бутум менен кумду шилей жай басып келе жаттым. Анан жаныма жакындай келген жигитти көрдүм. Келишимдүү, чымыр денелүү жигит. Колуна орхидея гүлүн кармап алыптыр.
— Чоң кыз, сиз менен таанышса болобу?
Мен жылмайдым.
— Эмне үчүн болбосун?
Жигит гүлдү сунду.
— Бул сизге. Мен Марат болом. Сиздин атыңыз ким?
— Айгүл.
— Жүрүңүз коктейль ичип отуралы…
— Макул.
Коктейль ичип, бири-бирибизди жакындан тааныдык. Ошол жолугушуудан кийин биз тез-тез көрүшмөй болдук. Ал жигит менен баарлашуу жеңил жана жагымдуу болчу. Тилекке каршы, эмгек өргүүм соңуна чыгып келаткан. Мен кетээр күнү океандын жээгине чакырды. Узун ак көйнөгүмдү кийип алып белгиленген жерге бардым.
— Айгуля, сага сюрпризим бар, — деди.
Көзүмдү жибек таңуу менен таңып, колуман жетелей, кайдадыр акырын алып жөнөдү.
— Биз келдик.
Марат көзүмдөгү таңууну чечти. Мен алдымдагы кооздукту көрүп кубанганымдан Маратты кучактадым. Пальма жалбырактарынан жасалган көкөмдүү беседка…столдо жер-жемиштер, шоколад, шарап, шам жагылып турат. Айланада эч ким жок…жайкалган океан жана жылдыздуу асман… Жеңил соккон шамалга күйүп турган шамдар бийлеп жаткандай болду. Марат эки бокалды шарапка толтуруп, бирөөсүн мага сунду.
— Бүгүн биздин мекенде Сүйүшкөндөрдүн күнү белгиленип жатат. Андыктан сага сюрприз кылгым келди.
— Кандай гана романтика! Чоң рахмат!
Мен жакын барып көздөрүнө тигилдим. Ысык эриндерибиз оттой жанып өбүштү.
— Эртең үйгө кетем, кандай өкүнүчтүү – дедим, көздөрүмөн жашым сызылып кетти. Марат эч нерсе дебестен пальманын жалбырагын сындырып, бурай баштады.
— Мына. Бул сага! Албетте, бул алтын эмес, бирок менин сага болгон сүйүүмдүн белгиси катары кабыл ал, — деп жалбырактан жасаган жашыл шакекети манжама салды.
Биз таң атканча отурдук. Көп нерсени сүйлөштүк.
Мына азыр болсо үйгө келе жатам. Учактын терезесин мелтирей тиктеп, колумдагы жалбырак шакекти тегеретип келаттым. Башымда миңдеген ойлор жүрөт, бирок аны менен кайрадан сөзсүз жолугарымды билем, анткени биз эң романтикалуу күнү табыштык…

Мальдив аралдарындагы сүйүшкөндөр күнү
(Visited 123 times, 1 visits today)
Эскертүү! kgbook тиркемесиндеги жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратууга көчүрүп алганга жэ аудиозапись кылганга уруксат берилбейт! Баардык китептер автордук укук келишим жана уруксаты менен жайгаштырылган!