Рубрика: Бердикожо Бийназаров
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 8 бөлүм
Түнкү желмогуз Жылдыз толгон маалда Нурак аттанып жөнөдү. Эки куржун толтура азык. Бир сааттай жол жүрүп отуруп, үңкүргө чукулдай, атты тушап коюп, куржунду ийинине сала, үңкүрдү көздөй жөнөдү. Кечке ачка болгон Токуш тосуп алды. Үңкүрдүн төрүнө өтө, үлбүл жагылган отко жакындай, Токушту байкап отурду. Чачы өсүп, кийими кирдеп, тырмактары узарып капкара болгон Токуш куржунду шашып…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 7 бөлүм
Тооруган ажал Эмнегедир чочуп ойгонду. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле. Акырын тыңшай, үңкүрдүн ооз жагына көз жүгүрттү. Сырттан кирген күңүрт шооладан улам, үңкүрдүн оозунда бир караан турганын көрдү. Дене-бою чымырап, муздап чыкты. Аста кыймылдай, чөнтөгүнө колун салып, ширеңке алып чыгып жандырып жиберди. Аста өйдө боло жарык менен жыйылып турган чырпыктардан алып, жатаарда күйгүзүп, жылынып отурган…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 6 бөлүм
Качкын турмуш Милиционерлер тиги машинанын артынан түшүп, ага жетип келген кезде, ал машина Долондон ойго түшүп, капчыгайда бара жаткан. Бир топко артынан ээрчип бара беришип, бир маалда алысыраактан айдашса да сиренанын үнү жаңыртып, машинаны токтотууга белги беришти эле, машина токтоп ичинен түшкөн айдоочу эки жүз метрдей алыс токтогон милиционерлердин машинасына басып келди. Келе жатканда эле…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 5 бөлүм
Жүрөгү тилинип турду Мелт-калт толгон эки чакадагы сууну бутундагы тапичкесине жаба төгүлгөнүнө карабай көтөрүп бара жаткан Бегимайдын артынан Айымбүбү менен Токуш басып бара жатышты. — Айымбүбү апа, Бегимай мынчалык эмнеге арык?! Оорукчал окшойт. Эгер, Бегимайды кор кылып жатышса, анда алып кетем. Деги эле, аны жалгыз таштабай алып кетишибиз керек. Сиз мага болушасыз да ээ, апа?…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 4 бөлүм
Табышмак бойдон калды Токуш катуу уктап жаткан. — Токуш! Токуш дейм тур! Турсаң, — деп жулкулдаткандан ойгонуп кетти. Өзү курдуу бала экен. — Эмне болду? — деген Токуш көзүн ушалай башын көтөрдү. — Токуш, эл мүрзөгө чогулуп жатат! Жүрсөң барып көрөлү. — Ыя? Эмнеге? Бирдеме болуптурбу? — деген Токуш бейкапар унчукту. — Болгондо да, билесиңби…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 3 бөлүм
Башкача мамиле кыла башташты Токуш түз эле Урматтын инисине барып, эки музоонун жарылып өлгөнүн, аларды мууздап койгонун айтып, үйгө чакырды. — Алар короого кирген кезде эшиктин алдындагы отургучта капталынан кыйшайып Урмат жаткан. Иниси саламдашмакчы болду эле, Урмат башын көтөрө алба койду. — Ээ, байке, сизге эмне болду? — деп чочуган иниси жооп ала албай, чебелектеп…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 2 бөлүм
Жек көрүнүп калды — Урмат менен Айымбүбүнү чабыштырып, аз жерден өлүмдөн калышып, ооруканага жатып чыккандарына жанагы Токуш жетим себепчи болуптур. — Жашабай жатып муну кара! Балдары жок немелер аны “бала катары көрөлү” деп айрыкча Айымбүбү жан алы калбай бапестеп жатса, карабайсыңбы кылган кылыгын. — Ооба, айрыкча Урмат экөө ит менен мышыктай болуп калыптыр дейт. Урматты…
СЕЛСАЯКТЫН ЫЙЫ 1 бөлүм
Энеси жок бала үчүн жашоо кандай кызыксыз. Бир күн эне үйдө жок болсо, бала кандай күтөт. Ал эми энеден биротоло ажыраган баланын абалын эч кимге бербесин. Кечээ эле Токуш энесине эркелеп, жанында жүрдү эле, бүгүн минтип анын караанын зар болуп, эмчектеги карындашынын ыйлаган ыйын соорото албай катуу убараланып, эки жакты үмүттүү карады. Ушунун баарына арактын…